«Манас» аэропортунан Пакистандан мыйзамсыз алынып келинген учак табылды

«Манас» эл аралык аэропортунан Пакистандан мыйзамсыз алынып келинген учак табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИЛ-76 учагы 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга алынып келинген.

«Манас бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган. Бул аба учагы Кыргыз Республикасынын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген. ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган. Бирок бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Мамлекетке 10 637 983 сом зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.