Тоолордо кар жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 17-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14…+19, Бишкек шаарында +16…+18, Ош шаарында +21…+24 градус жылуу болот.