Чоң-Алайда тоо өрттөнүп жатат, – сүрөт

Буга чейин Чоң-Алайда атышуу токтотулду деген кабарды УКМКнын Чек ара кызматы тараткан.

Бирок, тилекке каршы Чоң-Алайдагы тоо өрттөнүп жатканын Дастан Уметбай уулунун тартып алган сүрөтүнөн көрсөк болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.

Ведомстводон белгилешкендей, ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.