Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилерин диалогго чакырат

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эскалациянын күчөшүнө терең тынчсыздануу менен байкоо салууда. Ал каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Башкы катчынын атынан ишемби күнү анын басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин билдирүү жасады.

«Башкы катчы Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилигин узак мөөнөттүү ок атышууну токтотуу үчүн диалогго барууга чакырат. Эки тарап тең чыңалууну азайтуу үчүн иштеп жаткан механизмди толук пайдалануусу керек», — деп айтылат документте.

Тараптардын өтүнүчү боюнча БУУ чек арадагы пикир келишпестиктерди жөңгө салууга «туруктуу чечимди» табууга көмөктөшүүгө даяр.