Антониу Гутерриш Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин БУУнун мүчөлүгүндөгү отуз жылдыгы менен куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады.

«1992-жылдын 2-марты датасы биздин Уюм үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү БУУнун бардык мүчөлөрүнүн 5 пайыздайы дал ушул күнү уюмга кошулушкан.Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк.

Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды чечүүдө көп тараптуу системанын маанилүү жактоочусу болуп саналат.

Биз COVID-19 пандемиясынан өзүбүзгө келебиз деп үмүттөнүп жаткандыктан, биргелешип туруктуу жана адилеттүү коомдорго карай бара алабыз деп ишенем. Тилектештик, максаттардын биримдиги жана диалог, компромисс жана ынтымак руху менен биз туш болгон кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз жана Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкка, бакубаттуулукка жана бардыгы үчүн адам укуктарына болгон негизги умтулуусун ишке ашыра алабыз», — деп айтылат катта.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш отуз жыл ичинде БУУга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, алдыдагы көптөгөн жылдарда дагы байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдирди.