БУУ: Дүйнө глобалдык жылуулукка көңүл бөлбөй жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө, дүйнө глобалдык жылуулукка каршы жетиштүү чара көрбөй жатат. Өткөн жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча COP26 конференциясында бардык өлкөлөр климаттык пландарын карап чыгууга жана бекемдөөгө макул болушкан. Бирок 193 мамлекеттин 24ү гана БУУга жаңыланган вариантын тапшырган.

Үч негизги парник газынын – көмүр кычкыл газынын, метандын жана азоттун оксидинин атмосферадагы деңгээли өткөн жылы рекорддук чекке жеткени тынчсыздануунун негизги себеби болуп саналат.

«Үч газ боюнча дагы биз жаңы рекорддорду жаңырттык, андыктан атмосферада чыныгы жакшыруу жок. Акыркы эки жылда көптөгөн өлкөлөрдө блокадалар болуп, көмүртектин эмиссиясы азайып жатат, бирок көмүр кычкыл газы дагы деле сакталууда. Муундар үчүн аба керек.  Ал эми биз атмосферанын өзүндө эч кандай жакшырууларды байкаган жокпуз”, — деди Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас.

Дүйнө лидерлери эки жумага жетпеген убакытта Египетте COP27 климаттык конференциясына чогулушат.

Биздин планета буга чейин климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бороон-чапкындардан, ысык толкундардан жана суу ташкындарынан жапа чегип келет, температура өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,2 градуска жылуу. БУУнун климат боюнча эксперттери дүйнө тезирээк аракет кылып, парник газдарынын эмиссиясын чектеши керек деп эскертишет.