“​Өчүңөр болсо менден алгыла!”: Бекназаров түрмөдөн кат жазды

Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу беренеси менен кармалган саясатчы Азимбек Бекназаров абактан кат жолдоду.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция алып кеткен. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Төмөндө Азимбек Бекназаровдун абактан жазган катын Вulak.kg редакциясы өзгөртүүсүз берет:

Түрмөдөн кат!
Урматтуу мекендештер!
Эки дос! Бийлик бизди 22 адамды өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүшкөн деп, мыйзамсыз камап олтурушат!
​Биздин саясат, көз карашыбыз ар түрдүү, саясат уюмдары да ар түрдүү. Бирок “Кемпир-Абад” маселесинде бир пикирдеги инсандар.
​Мындан ары Кемпир-Абадды кантип сактап калабыз деген максатта кеңешүүгө чогулганбыз.
​Жыйында ар түрдүү пикирлер айтылды, бирок массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү жөнүндө эч ким айткан эмес.
​Президент баш болуп Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү жыйыны деле болуп жатпайбы. Эмне үчүн ага каршы пикирдеги адамдар жыйын өткөрсө ал кылмыш болуп калат да, ал эми бийликтики болбойт?
​Бизди камоонун максаты Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп бергиче бизди түрмөдө камоо, анан кошоматчы П.К.А.С.Стар менен эч каршылыксыз кол чабуулар, ушунчалык сүйүнүч менен Ш. Мирзоевге Кемпир-Абад суу сактагычты өткөрүп берүү болуп жатат.

Урматтуу Президент!
Атайын, мүмкүн заказной жыйынга кеңешели деп, бизди топтоп, анан “оптом” камап салуу планыңар болгондугу эми белгилүү болуп калды!
​Силерге эптеп Кемпир – Абаддын берилишине каршыларды топтоп, анан камап салганыңар чоң жеңиш болду.
​Ал кеңеш жыйында эч ким массалык башаламандыкка даярдык көрөлү деп айткан жок.
Сизге жана Жогорку Кеңешке мыйзам чегинде таасир берүү, Кемпир-Абадды сактап калуунун жолдору боюнча ой-пикирлер айтылды.
​Сиздер үчүн камаганга адам болсо статья табылат принциби маанилүү болуп жатат.
Бирок, урматтуу Президент, жыйынды сизге эч кандай оппонент болбогон аялдар, жаштар камалып олтурганы мыйзамга эмес, адамгерчиликке да жатпайт.
Аялдарды токтоосуз кое беришиңиз керек!
Бул биз сиздин курултайга альтернатива катары элдик курултай өткөрүү жана аны уюштуруу демилгечи топ түзүлгөн.
Күн тартибиндеги “Кумтөр” алтын кени, Баткен окуялары, чек ара жана саясий куугунтуктар боюнча атайын коомдук комиссия түзүлгөндүгүн атайын расмий билдирип, ал коомдук комиссияларды куугунтуктабоо максатында алдын ала тизмесин да жибердик эле.
Бүгүн алардын бир нечеси кармалып олтурат ( А. Акматов, А. Бузурманкулов жана башкалар, ММКда жарыяланган тизмеси), анткени алар сиздин, эки достун буйругу менен камалып олтурушат. Муну кандай түшүнөбүз? Аларды бошотууну суранам!
Акыркысы урматтуу Президент!
Сизге эң башкысы кандай жол менен болсо да, мени ооздуктоо керек эле, ал үчүн кызматтан адилетсиз кетирдиңиз! Мен үчүн уулум Бекназаров Русланды эки айдан бери камап олтурасыз!
​Эми мени оппозициялык кыймыл уюштурган жыйынга катышканым үчүн камап, эптеп максатыңызга жеттиңиз!
​Мен азыр силердин колуңардамын, соттосоңор да, өлтүрсөңөр да өз эркиңер, эми уулумду камактан чыгаргыла!
​Атасы үчүн уулумду, анын үй-бүлөсүн азапка салбагыла. Бекназаровдун үй-бүлөсү сизге, досуң экөөңөргө эч качан жамандык кылган эмес!


​Өчүңөр болсо менден алгыла мүмкүн А.Акаевдин өчүн алып берип жатасыңар.
Ал эми Кумтөр алтын кендин баасы 3 млрд. доллардык Кыргызстандын акциясы “Пустой” кагаз эместигин, экологиялык зыяндарын «Ормон опуза» эмес, чын экендиги, акыркы жылдары өндүрүлгөн алтындардын, сиздин жакындарыңыз тарабынан чачылып жатканы, ошондой эле Кемпир-Абадды Өзбекстанга табышмактуу түрдө өзүбүздүн жерди Кемпир-Абад үчүн алдык деп “элди келесоо” эсептегениңер боюнча ал менин пикирим.
Ал жеке менин пикирим үй-бүлөмдүкү эмес!
Сиздер же мен тура экенин тарых, мезгил өзү тастыктайт.
Кеч боло элегинде “тарых үчүн” “келечек муун“ үчүн жогорудагы кетирип жаткан кемчиликтерди оңдоого дагы деле чакырам!
Бектер келип кетет!
Ал эми жерибиз, элибиз жок дегенде, өзгөрүүсүз кемибей калыш керек!
Мен сизден бийлик сураган же талашкан жокмун, андай оюмда жок.
Бирок кийинки муунга Кыргызстан жеринин бүтүндүгүн, кыргыздын намысын ким менен болбосун кашык каным калганча талашканга укугум бар!!!
Сиздерди урматтоо менен,
А. Бекназаров!
Сизо-1

313325487 118717414355473 1885914788268081023 n "​Өчүңөр болсо менден алгыла!": Бекназаров түрмөдөн кат жазды