Азимбек Бекназаров кыргыз элинен Фейсбук баракчасы аркылуу кечирим сурады

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына байланыштуу абакта жаткан Азимбек Бекназаров кыргыз элине Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Кадырлуу, кыргыз калкым! Аксылык баатыр туугандарым!

“Кайт артка, кайт артка дейм.. вперед … та-та-та …, бул эмне кылганыңар элди атып? ..”, ушинтип Боспиектин тушунда, ээн жерде Акаевдин бийлиги өз элине ок атып, улут кайгысына айланган Аксы окуясы жаралган.

Андан бери 21 жыл өттү.

Кайгылуу жана армандуу Аксы окуясынын жабырлануучулары, баатырлары!

21 жыл бою өзүмдү Аксы окуясынын келип чыгышына себепчилеринин бири болгонум жана Аксы окуясы сиздерге орду толгус зыян келтиргени үчүн ар-бир 17-мартта сиздерден кечирим сурап келем.

Шейит болгон баатырларыбыздын жаны жаннатта деп ишенем. Сабырдан башка арга жок.

Эгерде кайсыл бир учурларда, жагдайларда сиздер менден күткөндөй кайсы бир ишти аткара албай калсам, же аткарбай койсом, жардам бере албасам мени туура түшүнгүлө. Турмуш, тагдыр сиз экөөбүз эле каалагандай, ойлогондой эмес экен. 21 жыл ичинде “Азимбек болбодубу” деп, саясий үзөнгүлөштөрүм Президент болушканда өзгөрүлүп, менден бөлүнгөн учурлар, жалгыз калган күндөр көп болду.

Мамлекеттик машинага көп маселелерде күчүм жетпеди. Чындыкты айтып саясаттагы досторума, бийликтеги үзөнгүлөштөрүмө “душман” болдум. Ошентип 2 элдик революциянын жеңиштерин уурдатып жибердик!

Мурунку качкын, соттолгон Президенттердин доорунда ийилген, тизелеген учурларым болду, бирок чөгөлөгөн, сынган жокмун.

Азыркы бийликке “мурункулардын жолунан кайт” – деп аксакалдык милдетимди аткаргандан башка, эч бирине жамандык кылбасам да, булар дагы сындыргысы, чөгөлөткүсү, дүжүр чалга айланткысы келип жүрөт”, – деп жазылат кайрылуусунда.