Азимбек Бекназаров эки айга камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Айданбек Акмат уулу, Чыңгыз Капаров, Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева  жана активист Чынарбек Шабдан уулу 2 айга камалды.

Эскерте кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилгени жатканына байланыштуу бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзгөн. 23-октябрда Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист кармалган.