Сот Равшан Жээнбековду 20-декабрга чейин камакта калтырды

24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кечээ кармалган оппозициялык саясатчы менен активисттердин баш коргоо чаралары каралды.

Анда сот саясатчы Равшан Жээнбековду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Мунун алдында саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, 20-декабрга чейин камалган. Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта болот.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.