Менин оюмча бул саясий буйрутма, – Асия Сасыкбаева

Саясатчы Асия Сасыкбаева өзүнө козголгон кылмыш ишти «саясий буйрук» деп атады.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-октябрда Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды.

Сасыкбаеванын айтымында, аларга карата козголгон иште далилдери жок.

«Иш 22-октябрь боюнча козголуп жатат. Анын ичинде абдан кызыктуу нерселер жазылыптыр, мисалы курал-жарак пайданалап, башаламандык уюштуруп, мамлекетке зыян келтиребиз деп жатышат деген өңдүү… Далилдери жок болсо деле оор күнөөлөрдүн баарын коюп жатышат. Менин оюмча бул саясий буйрутма болуп жатат. Башында мени күбө катары алып келишкен, бир топ убакыт милиция бөлүмүндө болгон соң акыры мага кылмышкер катары Токтом чыгарып атышат», — деди ал.

Screenshot 20221024 233216 Telegram 1024x577 1 Менин оюмча бул саясий буйрутма, - Асия Сасыкбаева