ИИМдин делегациясы Венадагы иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Бул тууралуу аталган мекемелен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 13-16-мартында Вена шаарында БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын (CND) 66-сессиясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы Россия Федерациясынын, Корея Республикасынын, Япониянын, Испаниянын, АКШнын, Сауд Арабия Королдугунун, Финляндиянын, Түркиянын, Швейцариянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, CADCAнын, Европа Биримдигинин жана БУУнун БКБнын делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү, анын ичинде Афганистанда баңгизаттарды өндүрүсү, синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын көбөйүшүнө, баңги кирешелерин адалдоого каршы жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу жана баңгизаттарды экспертизадан өткөрүү, изилдөө ж.б. маселелер талкууланды.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматташуусунун форматында маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларга жетишти.

WhatsApp Image 2023 03 17 at 14.47.57 ИИМдин делегациясы Венадагы иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү
WhatsApp Image 2023 03 17 at 14.47.56 1 ИИМдин делегациясы Венадагы иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү