ВИДЕО. Тургун: “Көлгө таштанды таштоочу жайдын суусу агып барат”

Вulak.kg редакциясына Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жумаш Эшперов айылындагы таштанды маселесин көтөрүп жергиликтүү тургун кайрылды. Жашоочулар буга чейин айыл өкмөткө, акимиатка, экология инспекциялыгына да кайрылышкан, бирок алар тарабынан эч кандай чара ушул күнгө чейин көрүлбөй келет.

Таштанды таштоочу жайда өлгө малдын калдыгы анын ичинде: эшектин, койлордун, иттердин жана башка майда жандыктардын өлүп калгандарын видеодон көрүүгө болот. Ошондой эле малдардын терилери да жатат.

“Бул нерсе токтолбой жатат. Эми жаз башталып, бул таштанды төккөн жайдын үстү айдоо аянттарына суу келет, суу болсо бул жактарга чейин келип, коктулардан ашып түшүп, ал көлгө куят. Жайында болсо мактангансын келесиңер”, – дейт тургун.

WhatsApp Image 2023 03 17 at 15.15.18 ВИДЕО. Тургун: "Көлгө таштанды таштоочу жайдын суусу агып барат"
WhatsApp Image 2023 03 17 at 15.15.17 2 ВИДЕО. Тургун: "Көлгө таштанды таштоочу жайдын суусу агып барат"
WhatsApp Image 2023 03 17 at 15.15.17 ВИДЕО. Тургун: "Көлгө таштанды таштоочу жайдын суусу агып барат"