Малдын дарыларын мыйзамсыз даярдаган жана саткан адамдардын тобу кармалды

Бодо малды, жандыктарды жана жылкыларды дегельминтизациялоо үчүн (паразиттерге каршы дарылоо) каттоодон өтпөгөн, тийиштүү түрдө катталбаган ветеринардык дары-дармектерди узак убакыт бою мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жогоруда аталган өндүрүш техникалык стандарттарды жана шарттарды сактабастан, боёкторду жана жыпар жыттуу заттарды кошуу жолу менен жасалып, тийиштүү сертификаты жана башка уруксат кагаздары жок ветеринардык дарыкана аркылуу сатылган”, — деп билдиришти УКМКдан.

Ветеринардык дары-дармекти жана тоют кошумчаларын каттоо, сертификациялоо департаменти текшергенде бул препараттар ветеринардык-санитардык нормаларга, микробиологиялык, химиялык-токсикологиялык коопсуздукка жооп бербей турганы жана сапатсыз экени аныкталган.

“Бул дары-дармектерди пайдалануу малдын жапырт кырылышына алып келет жана республикадагы эпизоотиялык абалга терс таасирин тийгизет”, — дешти УКМКдан.

64e38cdc 0483 4201 b18c 5d50e892e0b9 Малдын дарыларын мыйзамсыз даярдаган жана саткан адамдардын тобу кармалды
750abd07 952c 4b34 b7b8 17e04fcf91b7 Малдын дарыларын мыйзамсыз даярдаган жана саткан адамдардын тобу кармалды