Канат Хасанов ал дайым барып жүргөн кафеден тыңшоочу аппарат табылганын жар салды

Адвокат Канат Хасанов үн жаздыруучу жабдыкка окшогон буюм ал дайым барып, олтуруп жүргөн кафедеги дивандан табылганын айтты. Бул тууралуу адвокат фейсбук баракчасына кабарлады.

«Мен жыл бою бир кафеде дайыма бир жерде отурам, ар дайым бардык жолугушуулар ушул жерде өткөрүлөт. Мен бул жерде принципиалдуу түрдө камерадагы жазууларды кээ бир түзүмдөрдүн кызматкерлери алып жатканын билип отурам, бирок мен жашыра турган эч нерсем жок, анткени түз эфирде өз позициямды ачык айтып, бийликти кулатууга чакырыктарды, провокацияларды жасаган эмесмин!», — деп жазат ал.

313338314 120191530866005 8116889879914583522 n Канат Хасанов ал дайым барып жүргөн кафеден тыңшоочу аппарат табылганын жар салды