Камактагы активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш козголду

Активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу адвокат Канат Хасанов билдирди.
Маалымдалгандай, 7 жыл мурда активистке карата козголгон кылмыш иши кайра жанданган.
“Кечээ күнү Атайга бийликти басып алуу аракети боюнча дагы бир берене менен айып тагылды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атай 2020-жылдын 5-октябрында Бишкек мэриясын басып алган. Иштин материалдарын УКМК кызматкерлери
2022-жылдын июнь айында чогулткан. Күзөт полкунун кызматкерлери Жоошбек Коёналиев менен Атай Бейшенбекти көрүшкөнүн айтышкан. Иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. “Ал жакта Бакетаев да болгон. Эмне үчүн Коёналиев менен Бакетаев бул иш боюнча жоопко тартылбайт? Алардын бири азыр мамлекеттик кызматта иштеп
жатат”, – деди Хасанов.
Белгилүү болгондой, учурда активист Атай Бейшенбекке карата 3 кылмыш иши тергелип жатат.
Ал 2022-жылдын октябрь айында камакка алынган.

ataj sot Камактагы активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш козголду