“Чыпалак баатырдын чындыгы”. Зарылбек Аликенов: “Өкмөткө бекер иштеп берем”

Коомчулукта “Чыпалак баатыр” деген каймана ат менен таанылган Зарылбек Аликенов Вulak.kg басылмасына маек берди. Ал саясатка канчадан бери аралашып жүргөндүгү, өзүнүн пландары тууралуу айтты.

-Саламатсызбы, Зарылбек мырза! Акыркы убактарда саясатка көп аралашып жатасыз. Мунун себеби эмнеде?

-Мен саясатта көп жылдан бери өзүмдүн кеңешимди, сунуштарымды берип келем. Тагыраагы, 2010-жылдан бери чоң саясатта чындыктарды катуу айтып, саясаттан эч кетпестен туруктуу болуп жүрөм. Мени “сасыткы”, “чыккынчы” Атамбаевдер жана Бакиевдер коркутуп жок кылабыз дешкен, бирок, алардын максаттары ишке ашкан жок.

Менин саясатка аралашканымдын себеби, бизде көпчүлүк эл караңгы, саясат менен иши да жок. Мен ошолордун көзүн ачканга аракеттенип жатам. 2012-жылы биринчи жолу Садыр Жапаровду аянттан көрдүм, ага чейин бир жакын дос Садыр Жапаров жөнүндө кайра-кайра мээме суу куйгансып айта берчү да, кийин болбой эле мен да патриот болуп, эл башкалар ойгоно электе эле саясат жагында ошондон бери тынбастан, кетпестен туруктуу болуп келе жатам десем болот. “Сасыткы” Атамбаев президент болуп турганда мени эки үч жолу камайм деп коркуткан, бирок менден коркуп, духу түшүп кайра коё берген. Иши кылып өзгөчө патриот болуп 2012-жылдан бери “Кумтөр” жөнүндө, кытайлар жөнүндө, коррупция тууралуу толтура какшап жинденип айтып келдим. Азыр да токтой элекмин, түрлүү өнөр жагыман кетип жатам чарчабастан, таштабастан. Ошол кезде Орозайым Нарматова, Назгүл деген эжеси дагы биздин командада болчу. Бирге китеп, брошюра таратып жүрчүбүз. Кийин эле Мадумаровдун тобуна кошулуп кетишти.

Садыр Жапаров “уурулар камалат” деп айткан эле, бирок иш жүзүндө башкача болуп жатат. Буга көз карашыңыз?

-Камап, кайра чыгарбадыбы, анткени алар мамлекетке кусуп беришти. Эгер сиз деле камалсаңыз, кайра чыккыңыз келет да. Кеп Раимбек Матраимов, Камчы Көлбаев жана башкалар тууралуу болуп жатканын түшүндүм. Алар мамлекеттик казынага акча толук төлөп беришти деп ойлойм. Эгерде дагы кылмыш кылып уурдаса, же жесе анда камалат, кайра төлөйт. Азыркы камакта отургандар деле чыгат деген ойдомун. Ошондуктан уурдабай, түз жүрсөң, эч ким сени камабайт.

-Жеке баракчаңызда мурда көптөгөн каталарды кетирип жазып жүргөнсүз. Учурда сабаттуу жазып, жазган постторуңуз окумдуу болуп, жада калса аттуу-баштуу министрлер да бөлүшүп жатат.

-Ооба. Азыр мага кыздар жардам берип, айткандарымды жазып жатат. Мурдагы күнү өзгөчө чындыктарды жазып “Кыргызстан эли мен аркылуу чындыктарды билип алышы керек!” деген жазган пост жазганмын. Андагы сөздөрүмдү көкүрөгүнө түйүп, жактырып бир канча министрлер, жазуучулар, окумуштуулар, агайларым түшүнүктүү болуп менин постум бөлүшүп колдоп башташты, бирок ичи тар көрө албас жинденген шайтан адамдар ошолор бөлүшкөнү үчүн да жаман ойлонуп башташты. Байкадым, көбүнчөсүнө татыктуу жооп бердим. Атамбаевдер, чыккынчы Мадумаровго такыр ишене көрбөгүлө, аларда бир грам чындыгы калбады. Муну аң-сезимдери эң жогорку акылдуу патриот адамдар түшүнүп, билип турушат.

Менимче, ар бир адамдын ой-кыялы, планы бар. Менин максатым – Кыргызстанды бутка тургузуу болуп саналат. Буга мен бүт күч-аракетимди жумшамакчымын. Керек болсо Өкмөткө бекер деле, эч кандай акы албай иштегенге да даярмын. Мени уккан киши жок, же болбосо менин айткан сунуштарымды уурдап алышып, өздөрүнө жазып алышат.

-Ошол постуңузду улай, Акылбек Жапаров тууралуу айтып, аны тез арада кызматтан алууну сунуштап жатасыз.

-Бул киши канча жыл жогорку кызматтарда иштеди. Азыр көзүн май басып, салыктан салыкты ойлоп таап баштаганда, акыры Садыр Жапаров электр энергияга болгон салыкты кое туралы, май айында киргизели деп сунуш кылды. Чындыгында электр жарыгынын баасын көтөрүү – бул мезгил талабы. Бирок, элдин “канын митедей” соруп, ар тараптан эле салык сала берген да туура эмес. Андан башка, көптөн бери өкмөттү мал базарын текшерип, тартипке келтирсин деп талап кылып жүрөм. Алар болсо кыштын тоңгологунда мал базарды текшерүүгө алышты. Бул туура эмес да. Кышында жер өзү эле тоңуп турса эмнеге текшеришет?Жазында келишсин, мал базарлар чылага толуп, жердин баары ылай болуп, сатуучуга да, кардарларга да ыңгайсыздык жаратат.

“Даканса” деген сөздүн автору сиз экенсиз. Муну кандай далилдеп бере аласыз?

Бул сөзүм тууралуу жана ал сөз көчүрлүп уурдалганы боюнча Сыймык Жапыкеев менден уурдаганын бетке эле айта алам.

Ал эми “Даканса” деген сөздү эң биринчи мен жазып баштагам, ошо кезде Жапыкеев мени менен тыгыз мамиледе болуп, мага жалдырап жазып чалып жүрчү. Андан кийин эле моюн көтөрүп кетти, менин “Даканса” деген сөзүмдү уурдап “мен ойлоп таптым” деп элдердин баарын алдап “кидать” эткен.

“Даканса” деген менин сөзүмдү азыр бөлүнүп жарылууга багытталган эмес болчу. Тескерисинче, туура жагына, биригүү ынтымак жагына колдонуп айтып жүргүлө деген ниетте айтканмын. Ал сөзүм жакшы ой менен жазылып чыккан, эч кандай бөлүнүү болбосун, өнүгүү болсун деп. “Даканса” Садыр Жапаровду колдоп баштагыла, түрмөдөн жакында сөзсүз чыгат, ал чыныгы мекенчил патриот, “Кумтөрдү” Кыргызстанга сөзсүз канадалык шылуундардан кайтарып алат деген жакшы мааниде колдоп 2018-2019-жылдары фейсбукта жаздым эле. Андай кийин да колдоп, китептерин таратып жүрдүм.

Кыргыз элине кайрылсаңыз болот.

-Кыргыз элине чындыкты чыркыратып айтып жүргөн патриотторду ээрчип, колдоп жүргүлө демекчимин.