УКМК: Талас облусундагы «Бекмолдо» айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

         КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган жосун) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас районунун «Бекмолдо» айыл аймагынын ишмердигинде жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды.

2021-жылы Талас районунун “Бекмолдо” айылында ички чарбалык жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштерине 24 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерден кийин “Календер Курулуш” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, аталган подряддык уюмдун эсебине 5 млн 186 миң сом (биринчи транш) акча каражаты которулган.
Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген. Мындан тышкары, “Календер курулуш” ЖЧКсы күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Ошол эле учурда жогорудагы аткарылган иштер стандартка жооп бербей, аткарылган иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Бекмолдо” айыл аймагынын башчысы Б.С.С., “Календар курулуш” ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси И.М.А. жана техникалык көзөмөлдөөчү Д.К. менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшканы аныкталды.
Жогорулатылган баанын ашыкча көлөмүн аныктоо жана тактоо максатында аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн 19-жол тейлөө мекемесинин, Талас райондук архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Капиталдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын адистерин тартуу менен контролдук эсептөө жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү (шагыл төшөө, асбест суу түтүктөрүн монтаждоо жана пандустарды жана айланма жолдорду оңдоо) 1,5 млн сомдон ашпаганы аныкталып, жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул кылмыш ишинин алкагында Талас районунун “Бекмолдо” айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана “Календер-Курулуш” ЖЧКсынын директору И.М.А. кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

b5969210 1adc 4ab5 bd12 2ca53437d329 УКМК: Талас облусундагы «Бекмолдо» айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды