Москвада “кыргыз жигиттин тажик улутундагылар өлтүрүп кетти” деген маалымат жалган

Провокаторлор Москвада, Россияда эки элдин жарандарын кан төгүүгө шыкап жатышат. Провокацияга жол бербегиле!, – деп билдирди Джеенбекова Аниса, “Кыргыз Биримдиги” коомунун биринчи вице-президенти, Улуттар аралык кеңештин мүчөсү.


“Сходнеская метро районунда “кыргыз жигиттин тажик улутундагы жарандар өлтүрүп кетиптир” деген маалыматты тастыктоо максатында Москва Өкмөтүнүн коопсуздук кызматына жана Россиянын Ички иштер Министрлигинин жетекчилигине кайрылдым. Алар бул маалымат жалган, мындай кылмыш катталган эмес деген жооп келди”, – дейт Джеенбекова.