Чек арада каза болгондордун арасында нарындык төрт жоокер бар

Кыргыз-тажик чек арасында өз милдетин аткарып жатып каза болгон аскер кызматкерлердин төртөө Нарын облусунун кулундары болгон. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Маалыматты президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тастыктады.

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын кулуну, улук лейтенант Жекшенбеков Апсамат Жекшенбекович;

Нарын районунун Эчки-Башы айылынын кулуну, улук лейтенант Алмаз уулу Бейкут;

Нарын районунун Оттук айылынын кулуну, улук сержант Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович;

Нарын районунун Куланак айылынын кулуну, катардагы жоокер Какааев Мирлан Эенгулович.

Вulak.kg редакциясы каза болгон жоокерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт