Тоого эс алганы барган аял бутун сындырып алган

Аламүдүн районунда куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2-апрелде Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылына жакын тоого жолдошу менен эс алганы барган 49 жаштагы М.А. аттуу аял бутун сындырып алган.

Жаранга жардам көрсөтүү үчүн жерине Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылган.

Адистер куткаруу шаймандарынын жардамы менен жабыркаган аялды тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда абалы туруктуу.

whatsapp image 2023 04 03 at 16 46 28 Тоого эс алганы барган аял бутун сындырып алган