Баткенде тоодон бутун сындырып алган жаран куткарылды

Баткен облусунда тоодо калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-апрель күнү саат 08:03тө Сүлүктү шаарында белгисиз жарандын буту сынып, тоодо калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05те чыгып кетишкен. Анын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Куткаруучулар жогоруда аты аталган жаранды тоодон алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.