Жашы жете элек кыздарга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген жаран 2 айга камалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жашы жете элек кыздарга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген жаран 2 айга камалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Белгилей кетсек, 3-апрель күнү милицияга маалымат түшүп, анда Кара-Суу шаарынын тургуну 2017-жылы туулган кызды үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап, унаасына салып келгендигин билдирген.

Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Анда 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран 5 жана 6 жаштагы кыздарга унаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган. Кылмыш иши козголуп, 4-апрель күнү кылмышка шектүү катары жаран камакка алынган.