Акбермет Жорокулова 1,5 айдан бери табылбай жатат

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Акбермет Жорокулова табыла элек. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-февралда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кыздын жакындары арыз менен кайрылган. Алар ошол эле күнү болжол менен саат 13:00до Акбермет Жорокулова Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирип, аны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Ошондон бери андан кабар жок.

Белгилери: бою 165-168 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: ак жакалуу кара куртка, капюшону бар кара фуфайка, кара шым, ак өтүк.

Милиция Акбермет Жорокулованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 телефондору аркылуу кабар берүүсүн өтүнөт.