“Ремонт жок”: Ырыс Жоомартова Маданият министрине нааразы болуп, президентке кайрылды

Режисёр, актриса Ырыс Жоомартова Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго нааразы болуп, президентке ачык кайрылуу жасады.

«Президентибиз Садыр Нуркожоевич жана кыргыз элим, менин сиздерге кайрылуумдун бирден бир себеби «ОКТЯБРЬ» кинотеатры. Бир жыл төрт ай мурун мен аталган кинотеатрга департамент кинонун жетекчиси Мукталы Бектеналиевдин буйругу менен директор болуп дайындалгам. Келгенимде кинотеатрдын абалына сөз жетпейт. Үстүнөн суу куюлуп, чатырынын эскилиги жеткен, ичинде да, сыртында да ремонт жок, кино койгонго аппаратуралар жок.

Бектеналиев «Ырыс көптөн бери иштебегендиктен эл келбей, ремонту жок, арендаторлор алмашып, эч ким алгысы жок, сен оңдо, иштет, киного салымыңды кош, иштетип кетсең арендага 3-5 жылга алып алсаң болот»- деди. Мен ойлонуп макулдугумду бердим, чоң суммадагы кредит алып оңдоп баштадым, ошондо да жаап салбастан, кичинекей залга 1-2 кишиге кино коюп, жаш өсүп келе жаткан режиссёрлорубузду колдоп, кинолорун токтотпостон көрсөтүп, ага утурлай ремонт иштерин да жасап жаттык. Балээнин баары жаркыратып жасап койгондон кийин башталды… Азыркы Маданият министри Алтынбек Максутов “Арендага берилбейт, Акылбек Жапаров “ЧҮЙ” драмтеатрына берсин деп жатат, мен «распоряжение» даярдап жатам, “ЧҮЙ” драмга беребиз» — деди… Бирок мыйзамга дал келбеген иштери, Кыргыз кинематографиясын колдоо жөнүндө мыйзамга караштуу 15 беренеде жазылгандай кинотеатр кинотеатр гана болуп иштээрин, башка физикалык жана юридикалык лицого берилбесин билет болду бекен?! Министр өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып, элдин мүлкүн оңдоп көрдү бекен? Аттиң, чөнтөгүнөн 50 миң сом чыкса эл үчүн кандай акыбалда болот эле. “Октябрь” кинотеатрын ай сайын каржылап туруу 150 миң сомдун тегереги чыгат. Кинотеатрды кайра драмтеатрга айлантыш үчүн ремонтко миллиарддаган акчалар керек. Бийликтегилерге, өзгөчө Садыр Жапаровго кайрылып, “Октябрь” кинотеатрын кинотеатр боюнча калтырып, жаш режиссёрлорубуздун тарткан кинолорун көрсөтүп, мындан ары да оңдоо-түздө иштерине жол ачып берүүңүздөрдү суранабыз. Бир жылдын ичинде бүтпөй калган ремонт иштерин бүтүрүп, толук кандуу ишке киргизүүгө сөз берем. Мага кетирген каражатымдын кайра келиши эмес, тескерисинче улуу муундагы жана жаш режиссёрлорду колдоо болуп эсептелет. Министр Алтынбек Максутов сиз дагы колдоп берсеңиз жакшы болмок, жалгыз аялдын жаркыратып жасаган ишин талкалаш, өзгөчө Орозо маалында кечирилгис күнөө деп эсептейм»,- дейт Жоомартова.

FB IMG 1680837801191 768x1024 1 "Ремонт жок": Ырыс Жоомартова Маданият министрине нааразы болуп, президентке кайрылды

FB IMG 1680837805121 768x1024 1 "Ремонт жок": Ырыс Жоомартова Маданият министрине нааразы болуп, президентке кайрылды
FB IMG 1680837767534 1024x768 1 "Ремонт жок": Ырыс Жоомартова Маданият министрине нааразы болуп, президентке кайрылды