Карыянын 120 миң сомун уурдаган адамды издөө башталды

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

«Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.