120 миң сомун уурдатып жиберген аксакалга мал базарда жаштар акчасын чогултуп беришти

Токмок шаарындагы мал базарга бодо мал алууга келген карыя 120 миң сомун уурдатып жиберди. Соцтармактарда тараган видеодо аксакалга базардагылар акча чогултуп берип жатканын көрүүгө болот.

Андагы маалыматка ылайык, окуя бүгүн 16-октябрда орун алган. Мал базарга аш өткөрүү үчүн бодо мал алганы келген аксакал 120 миң сом акчасын уурдатып алган.

Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп бергенин көрүүгө болот. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна бодо мал сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.