Тверь облусунда кулаган учакта Евгений Пригожин бар болуусу ыктымал

Жеке менчик Embraer Legacy учагы Тверь облусунда кулап түштү. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

“Учакта он адам, анын ичинде үч экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактагылардын баары каза болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Учак Куженкино айылына жакын жерге кулаганы жана Москвадан Санкт-Петербургга учуп баратканы такталган. Учурда куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүүдө.

Өз кезегинде Федералдык аба транспорту агенттиги жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Вагнер тобунун жетекчиси Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар экенин билдирди. Алар ошондой эле кырсык боюнча иликтөө иштерин баштаганын баса белгилешти.

195 Тверь облусунда кулаган учакта Евгений Пригожин бар болуусу ыктымал