Түркстан облусундагы сууга чөгүп каза болгон 11 адамдын сөөгү табылды

Казакстандын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги Түркстан облусундагы сууга чөгүп каза болгон 11 адамдын баарынын жансыз денеси чыгарылганын билдирди.

Дарыядан 11 жансыз дене чыгарылган. Издөө иштерине 139 адам, 20 техника жана 9 кеме тартылган.

21-августта Түркстан облусунун Сырдарыя дарыясында 11 адам сууга чөгүп каза болгон. Куткаруучулар жабырлануучулардын аты-жөнүн тактап жатат. «Орда» басылмасы жазгандай, 4 үй-бүлө дарыянын жээгине эс алганы барышкан. 21-август күнү кечинде 11 адам сууга чөгүп каза болгон — сегиз бала жана үч чоң адам.

«Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон, фамилиялары окшош болчу. Ал жерде бир нече бир туугандар жана алардын балдары бар болчу. Туугандарынын айтымында, алар тойдон чыгып, дарыянын жээгинде эс алууну чечишкен. Ал жерде жээк абдан тайгак, суу терең болгон. Бирөө чалынып жыгылып, чөгүп баштаган окшойт. Башкалары аны алып чыгууга аракет кылып, сууга киришкен. Алдын ала маалымат боюнча, алар бири-бирин куткарууга аракет кылып сууга чөгүп кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ал жер кооптуу экени жана жана сууга түшүүгө болбой турганы айтылган.