“Акыретти ойлойлу!”: Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев диний агартуу борбордо кызмат кылат

Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев эми Жусуп Баласагын атындагы диний агартуу борборунда кызмат кыла турганын айтты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«Көптөн бери изденип жүргөн нерсемди ушул жерден таптым. Бул жакта тарбияланып жаткан балдар Кыргызстандын келечеги деп ишенем. Кызмат кылганга даярмын», — деген ал.

Эске салсак, Бекмурзаев өткөн жылдын октябрь айында иштен алынган. Ага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш иши козголгон.