Бишкектен Москвага авиакаттамдардын саны көбөйөт

2023-жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда, натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

«Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.