Аскер кызматчыларына экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлүп жатат

2022-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында 2023-жылдын 3-апрелден 5-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Коргоо министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курам менен иштөө боюнча аскер кызматчыларына интернеттеги коопсуздук, экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү, жаштар арасындагы радикалдашууну алдын алуу боюнча семинар-жыйындары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

477007c1 e748 4ba8 8405 d2e1eb6438a2 Аскер кызматчыларына экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлүп жатат


Иш-чаранын алкагында катышуучуларга Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев тарабынан “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
“Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү диний туура маалыматтарды жана ишмердигине тыюу салынган уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө расмий булактарды кантип колдонсо болоору тууралуу суроолорго кеңири маалыматтарды алышты.
Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Коргоо министрлиги тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча 500 ашык нускада буклеттер, эстеткичтер таратылды”, – деп айтылат маалыматта.