Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акталды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарган.

«Ошондой эле соттун өкүмү менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды», — деди ал.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова өткөн жылдын 17-майында кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдары башталган. Кийин үй камагына чыккан.