Сот Болот Темировду актады

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 28-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралып, өкүм чыкты. Анда журналист акталды.

Журналистти колдоп, сот имаратынын алдына жарандык коомдун өкүлдөрү чогулуп, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышкан.

Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңги заттарын сактоого айыпталып жаткан.

Сот аскердик билетти мыйзамсыз алуу боюнча күнөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу айып алынып салынды.

Темиров айыптарды четке кагып, өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөргөн.

Сотто катышуучулар журналист акталгандан кийин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кызматын тапшыруусун талап кылышты.