Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаков тилкат менен камактан чыкты

Коррупция шктелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой ага ачылган кылмыш ишиндеги «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» болуп өзгөртүлгөн.

Эскерте кетсек, Азат Узаков быйыл 18-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча ал өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгында коррупциялык схема уюштурган.

Чүй районунун Кош-Коргон айылында Т. Каракеев орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков Мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен келишим түзүп, бир нече жолу «Г.П.С.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон.

Натыйжада тендердик мыйзамдардын талаптары, курулуш нормалары менен эрежелери бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Ал эми мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.

Тактап айтканда, мектептин курулушу иш жүзүндө бүтө элек: жер төлөөсү ишке берилген эмес, ашкана, спорт зал, имараттын фасады толук жабдылган эмес, аймагы жашылдандырылбаган, өрт коопсуздук системасы жок, электр менен камсыздоо иштери бүтө элек.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков менен кошо дагы эки кызмат адамына иш козголгон.