УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду -ФОТО

УКМКнын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери уланууда. Бүгүн, 3-сентябрь күнү КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты.

Камчыбек Ташиев жаңы имаратты толугу менен көрүп чыгып, өздүк курамды куттуктоо менен бирге тийиштүү кызматтык талаптарды эскертип өттү.

Алдыда дагы УКМКнын региондордогу башкармалыктарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу иштери улантылаары белгиленди.

305207899 831781378241866 5035018262428799382 n УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду -ФОТО
305218092 831780864908584 379564596987309070 n УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду -ФОТО
305153392 831780891575248 6336624088094936278 n УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду -ФОТО