УКМКнын ардагерлери Камчыбек Ташиевди «Кыргызстандын баатыры» наамын алышы менен куттуктады

УКМКнын ардагерлери атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди «Кыргызстандын баатыры» наамын алышы менен куттуктады.

“Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгегиңиз бааланып, сизге «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ыйгарылышы жана «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин алышыңыз менен куттуктайбыз! Сизди Кыргызстандын коопсуздугун сактоого жана мамлекеттин экономикасын ар тараптуу өнүктүрүүгө мындан ары дагы салым кошо берет деп терең ишенебиз”, — деп айтылат куттуктоодо.

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге «Кыргызстандын баатыры» наамы ыйгарылган.