Чек ара маселесин чечүү иштери токтогон жок

Коңшу мамлекеттер менен чек араны делимитация, демаркация жүргүзүү иштери токтогон жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын чек арачылары өлкөнүн чегин коргоо үчүн керектүү курал-жарактар менен камсыз болгон. Муну президент да айтып жатат.

«Чек ара маселеси эки жыл мурда кандай эле, биздин чек арачылардын абалы кандай эле? Бүгүнкү күнү Кудайга шүгүр. Чек арачылар бардык керектүү жабдуулар, ок-дарылар, мамлекетти коргоого керектүү шаймандар менен толук камсыз болгон. Алардын жардамы менен мамлекеттин чек арасын эч кимге буздурбастан, так карап жатышат. Биз ага шарт түзүп берип, талап коюп жатабыз. Койгон талаптарыбыз так аткарылып жатат», — деди ал.

Аны менен бирге ал коңшу мамлекеттер менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жумуштары уланып жатканын айтып өттү.

«Чек ара маселесин чечүү, делимитация, демаркация жүргүзүү жумуштары токтогон жок. Бул иштер кызуу жүрүп жатат. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатканын жакынкы убактарда коомчулугубуз сезет, билет», — деди ал.