Санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты, – Султанбаев

Президент буга чейин бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга санариптештирүүнүн жүрүшү жана аны активдүү ишке ашыруу үчүн муктаждыктары тууралуу маалымат берилбесе, аларга тиешелүү чаралар колдонуларын эскерткен.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Буга байланыштуу, мамлекет башчысынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды берди», — деди ал.

Султанбаев мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана ал ар дайым президент Жапаровдун көзөмөлүндө турарын кошумчалады.