Асынып каза болгон 29 жаштагы келиндин окуясы иликтенип жатат

Базар-Коргондо үйүнүн короосунда асынып каза болгон 29 жаштагы келиндин окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда саат 07:55 чамасында Базар-Коргон райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн «102» номерине ушул эле райондун Правда айылынын тургуну 1959-жылы туулган жараны байланышып, Кара-Ой айылынын Катранкы жергесинде келини 1993-жылы туулган З. А., өзү жашаган үйүндө асынып каза болгонун билдирген.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат-электрондук журналына катталган.

Окуя болгон жерге тергөө тобу райондук милициянын жана прокуратуранын жетекчилиги менен барышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө З. А., үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндө өзүн-өзү асып алганын аныкташкан. Маркумдун жанынан кат табылган. Катта “Ким дагир болуп жаман жүрсө башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал” деп жазылган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-августта «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.