Министр кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин айтты»,-деп жазылат маалыматта.