Ысык-Көлдө адашып кеткен туристке жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Орусиядан келген эс алуучуга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусия мамлекетинин Ханты-Мансийск автоном округунан келген Александр өзүнүн эс алуусун Бостери айылындагы көлдүн жээгинде жашы жете элек эки баласы менен өткөрүп келген. 9-июль күнү Бишкек шаарында жашаган агасына барууну чечкен. Бирок маршруттук унаалар жөнөчү аялдамага бара жатып, адашып кеткен. Күндүн ысыгында эки баласы менен көпкө чейин калктуу конушту кыдырып, аялдамага жолду табууга аракет кылганына карабастан, жыйынтык болгон жок.  Ошол учурда, унаа менен кайгуул иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлерин көрө калып, алардан жардам сурап кайрылган.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору Таалайбек Мамбетакунов менен Нургазы уулу Азамат, туристтин өтүнүчүнө дароо жооп кайтарып, кызматтык унаасына аны балдары менен отургузуп автобекетке сапар алышкан. Бирок, ачык күндүн астында көпкө жүрүп калган туристтин ден соолугу жолдо  начарлай түшкөн.

Жолдо дарыкананы байкаган милиционерлер токтоп, туристке дары сатып беришкен. Дарыны ичкенден кийин, көп өтпөй турист өзүн жакшы сезе баштаган.  Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүп, ден соолугуна коркунуч жок экенине ынанган милиция кызматкерлери туристти балдары менен автобекетке алып барып, Бишкекке кетүүчү унаага салып жиберишкен.