Садыр Жапаров жубайы менен чогуу «Чыңгызхан» музейине барды

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен кечээ, 10-июлда 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы «Чыңгызхан» музейине барды.

Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти.

Музейдин өзү — эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имарат.

Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, «Күмүш дарак» залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Монгол империясы, Чыңгызхандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана монголдор.

Ал жакка барганда мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Чыңгызхандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи.

img 0520 1024x667 1 Садыр Жапаров жубайы менен чогуу «Чыңгызхан» музейине барды
223338b9 7ec1 4525 9e50 04a69e2707fd Садыр Жапаров жубайы менен чогуу «Чыңгызхан» музейине барды