7-июль күнү ички иштер органдарынын түзүмүндөгү балдар иштери боюнча инспекциясы өзүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө. Өзүнүн кесиптик майрамын, Ысык-Көл РИИБдин Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору өзгөчө белгилөөнү чечишти. Бул күнү алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барып, азык-түлүктөрдү тапшырышты.
Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн билдиришкендей, азык-түлүктөрдү милиция кызматкерлери өздөрү сатып алышкан. Колдон келген жардам жергиликтүү тургундар тарабынан да көрсөтүлдү. Тизмеге кирген үй-бүлөлөр кокусунан тандалган эмес.
«Ар бир аймактарда өзүнүн милициянын участкалык ыйгарымдүү өкүлдөрү иш алып барышат жана алар турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү аныкташат. Ушундан улам, убактылуу оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөөлөргө жардам берүү оюбуз жаралган. Мындай үй-бүлөлөр үчүн көтөрүӊкү маанайды түзүүгө абдан жакшы жардам”, – деп белгиледи Ысык-Көл РИИБдин БИИнин инспектору Райхан Жакшылыкова.