Ошто каналга түшүп кеткен 2 жашар наристенин сөөгү табылды

Каналдан изделип жаткан 2 жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Падаван айылынын Кош-Таш-2 тилкесинде «Увам» каналына 2 жашар Б.Х. аттуу кыз түшүп кеткен.

Жерине издөө ишин жүргүзүү үчүн жалпы 23 куткаруучу тартылган.