Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон аялга жардам көрсөтүштү

Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздук камсыздап жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Нурбек Кулбаев, милициянын старшинасы Полотбек уулу Абылкайыр, милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет “Алтын-Кум” эс алуу жайында талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон Баткен облусунун 65 жаштагы тургунун көруп калышкан.

“Ошол замат милиция кызматкерлери талмасы кармап калган аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Тез жардам кызматынын кызматкерлери полктун кызматкерлери өз убагында туура медициналык жардам көрсөткөндүгүн айтышып, адам өмүрүн сатап калышканы үчүн ыраазычылык билдиришкен”, – деп айтылат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынын маалыматында.