“Бир саат учуунун баасы 14 миң 850 доллар”: Садыр Жапаров кандай учак менен Сауд Арабияга барган?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сауд Арабияга жеке учак менен учуп кетен. Муну Flightradar24 сервисинин маалыматтары тастыктайт.

Кечээ “Манас” эл аралык аэропортунан Сауд Аравиянын борбору Жидда шаарына бир гана Embraer Lineage 1000 учагы учуп кеткен. Бул Air X Chapter бизнес-учагы. Буга чейин Садыр Жапаров дал ушул компаниянын кызматынан бир нече жолу пайдаланып келген. Мисалы, ал менен Түркияга жана Глазгого учкан.

Мамлекет башчынын бул жолку сапарындагы сүрөт, видеолордо да учактын борту көрүнгөн сүрөттөр жарыяланган жок.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров Сауд Арабияга жеке учак менен учуп кеткенин тастыктады.

«Embraer Lineage 1000ди колдонууда чыгымдар авиакеросинге гана жумшалган», – дейт Эрбол Султанбаев. Бирок ал канча экенин жана кайсы каражаттан төлөнгөнүн тактаган жок.

Мындай бортто бир саат учуунун баасы 14 миң 850 долларды түзөт. Бул маалыматты Factcheck.kgнин журналисттери изилдеп чыккан.

1 8 "Бир саат учуунун баасы 14 миң 850 доллар": Садыр Жапаров кандай учак менен Сауд Арабияга барган?
74e8dc88 8cf8 4f90 9405 940fd5dfbaaf "Бир саат учуунун баасы 14 миң 850 доллар": Садыр Жапаров кандай учак менен Сауд Арабияга барган?
3 1 "Бир саат учуунун баасы 14 миң 850 доллар": Садыр Жапаров кандай учак менен Сауд Арабияга барган?