Ысык-Атада жаңы көз жарган 19 жаштагы келин кайтыш болду

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, келин баласы менен райондук төрөт үйүнөн чыгарылган.

“Жаш келин медициналык мекемеде каза болгон эмес. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын териштире турган атайын комиссия түзүлдү”, – деди ал.