Талас: Коррупцияга шектелген төрт чиновниктин бирөө үй камагына чыгарылды

Таласта коррупциялык схемага шектелип кармалган чиновниктердин бөгөт чарасы каралып, алардын бири үй камагына чыгарылды, калгандары 31-январга чейин камакта калтырылды.

Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев үй камагына чыгарылды. Ал эми вице-мэр Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев 31-январга чейин камакта калды.

Эскерте кетсек, УКМК Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүгө байланыштуу коррупциялык схема аныкталганын, төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирген. Ошол схеманын айынан, мекеменин маалыматына караганда, 2020-2022-жылдары бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 миллион сомдон ашкан.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары жогоруда аталган жетекчилерди кармоо мыйзамсыз болгонун, шаардын бюджетине ижара акыдан анчалык көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. Камакта калгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек.