Караколдо көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын шамал учуруп кетти 

Каракол шаарынын Туманов атындагы көчөсүндө жайгашкан көп
кабаттуу үйлөрдүн чатырын шамал учурду.


Буга чейин аталган даректин жашоочулары көп кабаттуу үйдүн чатырын акча
чогултуп жабышкан.


Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда тийиштүү адистер
шаар ичинде шамалдан жабыркаган бардык объектилер боюнча иш алып
барууда. Алар канча жерде зыян болгонун аныктап чыкканда толук маалымат
берилерин белгилешти.